Чек арада турган 300дөй унаа айдоочулары чыгымга учурашууда (видео)

523

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек — Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде абал өзгөрбөсө, Кыргызстан тийиштүү чараларды көрүүгө мажбур болот. Экономика министри Олег Панкратов расмий билдирүү жасады. Жетекчинин айтымында, Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү катары маселени чечүү үчүн Биримдиктин алкагындагы укуктарын пайдаланат.

Ал ортодо жүк ташуучулар бирикмесинин өкүлдөрү чек арадагы учурдагы абал улана бере турган болсо, сырттан кирген тамак-аштын баасы кымбатташы да мүмкүн деп коңгуроо кагышууда. Анткени учурда кезекте турган унаалардын саны 300гө жетип, алар чыгымга учурашууда.