Чек арада жалпысынан 500дөй унаа, 300дөй адам кезекте турат

776

Кыргыз-казак чек арасында адамдардын жана автоунаалардын казак тарапка өтүүсү дале кыйын бойдон калууда. Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашкандай, “Ак-Жол” жана “Ак-Тилек” өткөрмө бекеттеринде тыгын уланууда, ал эми “Чалдыбар” жана “Чоң-Капкада” кезек күткөндөр жок.

Мекеменин маалымат кызматынын өкүлү Салкын Абдыкариеванын айтымында, “Ак-Жол” өткөрмө бекетинде 300дөн ашуун адам кезекте турат. Бул саат 10:00дөн кийинки кадимки көрүнүш болууда. 15-20 мүнөттө 30дай адамды өткөрүп жатышат. Ал эми машиналар жарым саатта 7-8ден өтүүдө. Жеңил унаа, маршруттук такси жана автобустардын саны 40ка жакын. “Ак-Тилекте” жүк ташуучу автомашиналардын тыгыны дагы эле бар. Учурда 400дөн ашуун машина турат. Казак тарап саатына 8дей фура киргизүүдө. Ал эми “Чоң-Капка” жана “Чалдыбарда” тыгын жок.

10-октябрдан тарта Казакстан чек арада текшерүүнү күчөткөн жана муну Кыргызстандагы президенттик шайлоо менен байланыштырган.