«Чек арада жараат алган аскер каза болду» деген маалымат чындыкка дал келбейт

2450

Баткенден Бишкекке алып келинип, Улуттук госпиталга жаткырылган аскер кызматкеринин өлүмү тууралуу социалдык тармактарга тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын бирөө анестезиология жана реанимация бөлүмүндө жатат, абалы туруктуу оор деп бааланууда. Ал эми жабыркаган аскерлердин экөө Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Алардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Үч аскер кызматкери тең дарыгерлердин көзөмөлүндө зарыл болгон дарылануудан өтүп жатат.

8-майда кыргыз-тажик чек арасындагы болгон жаңжалда жараат алган үч аскер дарылануу үчүн Бишкекке жөнөтүлгөн. Жергиликтүү тургун бир күн дарыланган соң абалы дурус болгондуктан үйүнө чыгарылган. Чек арадагы чырда тажик тарап эки жараны жабыркаганын билдирген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.