Чек арада жолтандабас тосмону жана казакстандык чек арачыны сүздү

668

Казак-кыргыз чек арасындагы «Ак-Жол» өткөрүү жайына жакын жерде жол кырсыгы катталды. Кошуна өлкөдөн келе жаткан жолтандабас Кордай тараптагы тосмону жана казакстандык чек арачыны сүздү.

Видео ошол жердеги видео көзөмөл камерасына түшүп калган. Көрүнүп тургандай чек арачы кара түстөгү машинанын документин текшерип жатканда, артынан ак түстөгү унаа катуу ылдамдыкта келип сүзгөн. Азырынча айдоочу эмне себептен тосмону сүзүп алганы белгисиз.

Ошондой эле, унааны башкарып келе жаткан айдоочу кайсы өлкөнүн жараны экенин тактоо мүмкүн болгон жок. Кыргызстандын чек ара кызматы бул боюнча азырынча так маалымат бере элек.