Чек арадагы абалдан улам бюджетке ири суммадагы каражат түшпөй калабы?

824

Чек арадагы абалдан улам бюджетке ири суммадагы каражат түшпөй калуу коркунучу пайда болду. Бул тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылга карата Бажы кызматы 1 млрд 800 миллион сом кошумча каражат чогултат деп пландалган, бирок 500 миллион сомдой түшпөй калышы мүмкүн.

Ал эми салыктан 2 миллиард сом кемийт деген тобокелчиликтер бар. Маселени чечүүнүн жолдору изделип жатат, дейт башкы финансист.