Чек арадагы атышууда жаракат алгандар Бишкекке жеткирилди (видео)

578

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жаракат алгандар Бишкекке алынып келди. Жарадарлар травматология жана ортопедия институтунда изилдөөдөн өтүп, дарыланышат. Алар Баткенден учак менен Канттагы аскер базасына келип, тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилди.

Жарат алгандардын бешөө аскер кызматкери болсо, калганы жай тургундар. Дагы үч аскердин абалы оор болгондуктан Лейлек райондук ооруканасына калтырылган. Алардын экөөнө ооруканага түшөрү менен шашылыш операция жасалган.