Чек арадагы кезек ишкерлерди санаага салууда (видео)

2607

Учурда кыргыз-казак чек арасында кезек күтүп, токтоп турган жүк ташуучу унаалардын саны 70 чукулдады. Мамлекеттик чек ара кызматынын билдиргенине караганда, машиналар Казакстан тараптын талаптарына ылайык документтерин толукташ үчүн күтүп турушат.

Буга чейин кыргыз өкмөтү казак тараптын чек ара аркылуу товар жана жүк алып өтүүдөгү кошумча текшерүү киргизиши ЕАЭБдин нормаларына каршы келерин эскерткен. Казакстан болсо, пломбалары бузулбаган жана документтери туура жүк ташуучулар чек арадан тоскоолдуксуз эле өтүп жатканын билдирүүдө.