Чек арадагы кезекте турган айдоочулар: күйүүчү май тартыш болууда (видео)

923

Казакстанга өтө албай чек арада турган айдоочулардын чыдамы кете баштады. Учурда аларда күйүүчү май тартыш болууда. Кезекте тургандар солярканы алыс жактан ташып келүүгө же бирөөлөрдү жалдаганга аргасыз. Мындан улам, айдоочулар өкмөттөн күйүүчү май менен камсыз кылууну талап кылып жатышат. Бүгүн чек арада күчөтүлгөн текшерүү киргизилгенине 17 күн болду. Бул убакыт аралыгында жергиликтүү ишкерлердин жумушу дээрлик токтоп калды. Ошондой эле, чек арадагы кырдаалдан улам, жүк ташуучу унаалардын айдоочулары заарканып, ишке чыгуудан баш тартып жатат, дешет ишкерлер.