Чек арадагы көйгөй тигүү тармагын ири зыянга учуратты (видео)

899

Казакстан чек арада көзөмөлдү күчөткөндөн бери Кыргызстандагы кийим тигүүчүлөр ири чыгымга учурап жатат. Мунун кесепетинен, кээ бир цехтер убактылуу жабылууга дуушар болууда. Айрым ишкерлер товарды чет өлкөгө учак менен жөнөтүүгө аракет кылып, бирок чыгымы көп болгондуктан, баш тартышкан. Ишканаларда жумуш аксаганы тигүүчүлөрдүн маянасына дагы кедергисин тийгизүүдө. «Made in KG» энбелгиси менен даярдалган товарга Казакстан, Россия жана Белоруста суроо талап жогору. Бирок чек арада көзөмөл күчөгөндөн бери кийим кече дарегине өз убагында жетпей, жергиликтүү бизнесмендердин чет жактагы өнөктөштөрү иштешүүдөн баш тартууда. Кардарларын жоготуп жаткан ишкерлердин кирешеси кескин азаюууда. Жумуш 40 пайызга чейин кыскарган.