Чек арадагы көйгөйдү Дүйнөлүк соода уюму чечип береби? (видео)

1420

Бүтпөгөн чектөөлөр, кошумча шарттар. Кыргызстан менен Казакстандын чек арадан товарларды өткөрүүдөгү көйгөйүнө Дүйнөлүк соода уюму киришмей болду. Аталган бирикмеге Кыргызстан кайрылган. Уюмдун соода процедураларын жөнөкөйлөштүрүү комитетинин жыйыны өткөн аптада болгону менен, анын тыянагы азырынча маалымдала элек.

Ал арада эки тараптын чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыкпай, бири-бирине дооматтарын айтып жатышат. ЕАЭБдин алкагында эле чечиле турган маселенин Дүйнөлүк аренага чейин чыгуусуна эмне себеп болууда?