Чек арадагы кырдаалдан пайдалангандар (видео)

741

Бүткүл дүйнөлүк соода уюму Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы абалга тынчсызданууда. Токио шаарында өткөн форумда эки өлкө ортосундагы өткөрмө бекеттериндеги маселе дагы каралган. Анын катышуучулары чек арада кризистик кырдаал түзүлгөнүн белгилешкен. Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун башкы катчысы жүздөгөн жүк ташуучу унаалар өтө албай жатат деген маалыматты эске алганын билдирген. Чек ара өткөрмө бекеттеринде абал өзгөргөн жок. Чүйдөгү «Ак Тилек» пунктунда жүк ташуучу унаалардын аягы суюла элек. Айдоочулардын айтымында, узун кезек күтүүдөн акча тапкан топтор пайда болду. Тагырагы, 400 долларың болсо, кезексиз өтөсүн. Болбосо жолдун жээгинде саргайып турганын турган.