Чек арадагы тоскоолдуктун кесепети экономика үчүн оор болот (видео)

898

Чек арадагы тоскоолдуктар Кыргызстандын экономикасына олуттуу таасирин тийгизет. Мындай пикирин бир катар эксперттер айтышууда. Кыргызстандын түндүгүндөгү үч област Казакстан менен чектеш жайгашып, эки элдин турмуш-тиричилиги, соода-сатыгы байыртадан бери өз ара байланыш. Кыргызстандын чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык, Таластагы “Чоң-Капка” жана Чүйдөгү «Ак-Жол» менен «Ак-Тилек» өткөрмө бекеттеринде өткөрүүнүн тартиби катаалдады.