Чек арадагы тыгындан кимдер пайда табууда? (видео)

2556

Казакстандын салыкчылары чек араны кесип өтүүнү каалаган кыргызстандык жүк ташуучулардан 5 миң долларга чейин талап кылып жатышабы? Учурда «Ак-Тилек» өткөрмө пунктунда турган айрым айдоочулар ушундай көрүнүш орун алып жатканын билдиришүүдө.

Айтымдарында, тиешелүү документтери жайында болгонуна карабастан, улам-улам кошумча текшерүүлөргө кабылып жатышыптыр. Ал ортодо Кыргызстандын тартип сакчылары кезек күткөн айдоочуларды көзгө илбей, бир нече Камазды кезексиз алып өтүшкөнү да белгилүү болду.