Чек арадагы жаңжалдын чыгышына кызыкдар болгон топтор барбы? (видео)

570

Чек арадагы жаңжалдын чыгышына аткезчи жана баңги бизнеси менен шугулданган адамдар кызыкдар болушу мүмкүн. Себеби эки өлкө чектешкен аймактагы башаламандык мыйзамсыз товар ташууга шарт түзөт. Маалында атайын кызматта иштеген адамдар бир нече маалыматтарга таянып, ушундай тыянакка келип жатышат.

Айтылган божомолдорго Лейлек районунун тургундары дагы кошулууда. Алардын билдирүүсүндө, чырды алгачкылардан болуп уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Маннон деген каймана ат менен таанымал киши баштаган.