Чек арадагы жүк ташуучу унааларды өзгөчө текшерүү алынган жок

837

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасынан жүк ташуучу унааларды өзгөчө текшерүү алынган жок. Өткөрмө бекеттеринде түндө саат 12ден тарта артыкчылыктуу тартип иштей баштаганы кабарланууда.

Башкача айтканда, жөө адамдар, эл ташыган автоунаалар, жеңил унаалар жана бош жүк ташуучу машиналар киргизилет. Ал эми товар алып бараткан унааларды кылдат текшерүү күчүндө калууда.

Учурда эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери жетектеген жумушчу топ түзүлдү. Ал топ беш күн ичинде биргелешкен Жол картасын иштеп чыгышы керек.