Чек арадагы жүк ташуучу унаалардын тыгыны жок (видео)

775

Кыргыз-казак чек арасында унаалардын өтүүсү мурдагы калыбына келди. Учурда Чүйдөгү «Ак-Тилек автодорожный» көзөмөл өткөрмө бекетинде жүк ташуучу унаалардын тыгыны жок. Кыргызстандын чек ара кызматынан кабарлашкандай, экинчи декабрдан үчүнө караган түнү эки өлкөнүн баардык көзөмөл бекеттеринде унаалар эч кандай тоскоолдуксуз өткөрүлө баштаган.