Чек арадан товарды мыйзамсыз алып кирүү боюнча 77 фактынын бети ачылды

632

6 ай аралыгында мамлекеттик чек арадан товарларды мыйзамсыз алып кирүү жана чыгарып кетүү боюнча экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматы 77 фактынын бетин ачты.

Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 9 учурга көп. Маалыматка караганда, келтирилген чыгым 217 миллион сомду түздү. Анын 63 миллиону мамлекетке кайтарылды.

Жалпысынан 72 кылмыш иши козголду. Аткезчилик жолу менен соңку жарым жылдын ичинде 2 миң 800 литр күйүүчү-майлоочу май, 35 миллион сомдук азык-түлүк жана кеңири керектелүүчү товарлар ташылып бараткан жеринен кармалган.