Чек араларда көзөмөл күчөтүлүп, кезек күткөн айдоочулар көбөйдү (видео)

1371

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө пунктунда оор жүк ташуучу унаалардын узун кезеги кайра пайда болду. Буга кошуна мамлекеттин короновирус илдетинин жайылып кетишинин алдын-алуу үчүн өзгөчө кырдаал режимин жарыялаганы себеп болду. Бул көрүнүш көзөмөл өткөрмө пунктунда чогулган айдоочуларды кооптондурууда.

Эки өлкөнүн премьер-министрлери телефон аркылуу сүйлөшүп, анда товар алмашууну токтотпоону макулдашышкан. Ал арада Казакстандан президенти Касым-Жомарт Токаев элине кайрылуу жасап жатып, азыркы режим жүк ташууларга тоскоолдук болбой турганын айтты.