Чек аранын бүткүл периметринде «пландуу операция» жүргүзүлүүдө

796

Казакстан тарап чек арага жакын жерлерде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер тартылып жатканы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тарабынан мамлекеттик чек аранын бүткүл периметринде «пландуу чек ара операциясы» жүргүзүлүп, ага байланыштуу чек арадан өткөндөр транспорт каражаттары, жүктөр жана товарлар тыкыр текшерилүүдө.

Ошондой эле, ал билдирүүдө «чек арадан өтүүгө эч кандай чектөө жана тыюу салуу киргизилген жок, аскер кызматчыларынын аракеттери мыйзам чегинде казакстандык жана чет элдик жарандардын укугун бузуусуз жүргүзүлүп жатат”, — деп белгиленген.

Ошол эле убакта, Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы дагы чек араны күзөтүүдө күчөтүлгөн тартипке өткөнүн кабарлаган. Бул режим президенттик шайлоого карата убактылуу киргизилип, бирок эч кандай чектөөлөр коюлган жок.