Чек аранын жанындагы кыймылсыз мүлктү сатуу — кылмыш (видео)

953

Чек арага жакын жайгашкан кыймылсыз мүлктү чек элдиктерге сатуу кылмыш болуп эсептелет. Тактап айтканда, бул ишке аралашкан мамлекеттик кызматкерлер 1 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Дал ушундай мазмундагы мыйзам долбоорун Юстиция министрлиги даярдап, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди. Эксперттердин пикиринде, бул мыйзам өтө зарыл. Алардын айтымында, тиешелүү чаралар кечигип кабыл алынууда. Айрым эл өкүлдөрү болсо, мурда сатылып кеткен мүлктөрдү кайра кайтарып алуу жагын караштыруу керектигин дагы билдиришүүдө.