Чесноктун баасынын төмөндөшү боюнча министрлик эмне дейт? (видео)

1723

Түшүмүн өткөрө албаган дыйкандарга жардам берүүдө өкмөт чабалдык кылып жатат. Бул маселе Жогорку Кеңеште талкууланды. Алсак, Таласта төө буурчак 30-35 сомдон сатылып жатса, кара өрүктүн наркы — 7-8 сомдон ашпай жатат. Ысык-Көлдө дагы ушундай эле көрүнүш. Бул областта быйыл дыйкандар сарымсакты көп айдагандыктан, анын баасы төмөн түшүп, түшүмүн өткөрө албагандар коп.

Былтыр чесноктун наркы — 100-200 сомдун тегеринде болсо, бул жылы — 5 сомго да өтпөй жатат. Мындай шартта, Айыл чарба министрлиги дыйкандардын товарын экспорттоого жардам бербей жатканы үчүн сынга кабылды. Ал тургай, бир дагы тармак боюнча жылыш жок болгондуктан өкмөттүн отставкасын талап кылган депутаттар да болду.