Чет элдик студенттин 7 миң сомун тоноп кеткендер кармала элек (видео)

608

Ош шаарында чет элдик студентти карактагандар кармала элек. Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин студенти, 26-жаштагы Индиянын жаранын белгисиз адамдар унаага салып кетишкен.

Кол салгандар анын жанындагы 7 миң долларын тоноп, өзүн ур-токмокко алып талаага таштап кетишкени белгилүү болгон. Студенттин айтымында бул ири сумма анын жердештеринин окуу акысы үчүн төлөнө турган акча болгон. Ал каражатты банкка төккөнү алып бара жаткан.