Чет элдик жарандарды тоноп жүргөн каракчылар колго түшүрүлдү

846

Чет элдик жарандарды карактап жүргөн кылмыштуу топ кармалды. 3 эркек 1 кыздан турган топту Бишкек милициясы Ысык-Ата райондук Ички иштер бөлүмү менен биргеликте колго түшүрүшкөн.

Маалыматтарга караганда, быйыл май айынан баштап Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында Пакистандын жана Индиянын жарандарына карата каракчылык кылып, тоногон бир нече факты катталган. Каракчылар жабырлануучулардын батиринин эшиктерин каккылап, өздөрүн сантехник же кошуналары катары тааныштырып, андан соң аларды сабап, байлап, акча каражаттары менен чөнтөк телефондорун тартып алып жүрүшкөн.

Кылмыштуу топ Бостериге эс алууга барганда кармалган. Кармалгандардын баары мурда «Ээнбаштык» же «Уурулук» беренелери менен соттолгон. Учурда каракчылар менен иштешкен дагы башка жарандарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.