Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар консулдук кызматтарды электрондук форматта алышат

2111

Чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктарга онлайн түрүндө паспорт берүү пландалууда. Азыркы тапта 38 мамлекеттеги мекемелерде «Паспорт», «ЗАГС» жана «Жарандык» автоматташтырылган маалыматтык система иштеп жатат.

Демек мындан кийин башка өлкөдө жүргөн биздин мекендештер консулдук кызматтарды электрондук форматта ала алышат. Бул боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте маалыматтык-технологиялык долбоордун планын түздү.

Жаңычылдыктын максаты автоматташтырылган маалыматтык системаны иштеп чыгып, чет өлкөдөгү жарандар түрдүү документтерди тез арада алышына шарт түзүү.

Бул система ишке киргенден кийин арыздар онлайн түрүндө тийиштүү мамлекеттик органдарга жетет. Муну менен кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөтү кыскартылат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.