Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланышуу боюнча кеңеш түзүлдү

1329

Буга байланыштуу жарлыкка өлкө жетекчиси Сооронбай Жээнбеков кол койду. Акыркы убакта чет мамлекеттерде иштеп, кыргызстанга инвестиция салууга, экономикалык долбоорлорду жүзөгө ашырууга кызыкдар мекендештерибиз көбөйүүдө. Мамлекет мындай демилгелерди колдоп, шарт түзүп бериши керек.

Мындан улам мекендештерибиз менен тыгыз байланышта болуу үчүн мамлекеттик деңгээлде башкаруу системасы түзүлдү деп айтылат документте. Кеңешти президент жетектеп, орун басарлыгына вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова, президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, ал эми катчылыгына миграция кызматынын төрагасы Болот Ибраимжанов дайындалды.

Ал эми мүчө болуп Жогорку Кеңештин депутаттары, тиешелүү аткаминерлер, мигранттар менен иш алып барган ассоциация, диаспора, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, ишкерлер киришти.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.