Үй карантинин сактабаган 8 жаран милдеттүү түрдө обсервацияга алынды

1006

Үй карантинин сактабаган Түп районунун Ысык-Көл айылынын чет өлкөлөрдөн кайтып келген 8 жараны милдеттүү түрдө обсервацияга алынды. Алар үй карантиндин шарттарын бузгандыгы үчүн коронавирустун жайылышын болтурбоо максатында областык ыкчам штабынын чечими менен жалпы айыл эли изоляцияга алынды.

Эске салсак, үй карантинин жана обсервация эрежелерин бузган жарандар 300 миң сомго чейин айыпка жыгылат. Ошондой эле, атайылап же этиятсыздыктан санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуп, башка адамдарга массалык түрдө оору жуктургандар 2 жылга эркинен ажыратылат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.