Чет өлкөгө айыл-чарба азыктарын ташыган ишкерлер салыктын 4 түрүнөн бошотулат

780

Айыл-чарба азыктарын анын ичинде жашылчаны башка өлкөлөргө ташыган ишкерлер салыктын 4 түрүнөн бошотулат. Бул тууралуу Экономика министрлигинен маалымдашты. Ишкерлер кошумча нарк салыгы, сатуу, киреше салыгы жана мүлк салыгынан бошотулат.

Экономика министринин орун басары Дастан Кадыров билдиргендей, өлкөнүн салык кодексине ылайык, мындай ишкерлерге жеңилдиктер менен эле бирге талаптар да коюлат. Алардын ишмердүүлүгү Ата-мекендик айыл-чарба азыктарын иштетүүгө багытталган болушу шарт.

Мындан сырткары алардын баардык талаптарга жооп берген, шарты каралган кампалары, жер аянттары, өндүрүш жайлары болушу керек.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.