Чет өлкөлүк 21 элчини Садыр Жапаров кабыл алды (видео)

1140

Соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана саясий кызматташтык. Бул темалар президент Садыр Жапаров, чет өлкөлүк дипломатиялык миссиялардын башчыларын кабыл алганда талкууланды.

Анда өлкө башчыга 21 өлкөнүн Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери ишеним грамоталарын тапшырды. Салтанаттан кийин Садыр Жапаров ар бир дипломат менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, кызматташтык тууралуу сүйлөшүштү.