Чет өлкөлүктөргө Кыргызстанда үй алууга уруксат берилеби? (видео)

999

Чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстанда үй сатып алууга уруксат берүү канчалык коопсуз жана максаттуу? Депутаттардын айтымында, документ ишке кирсе турак-жайлардын баасы кескин кымбаттайт. Учурда Юстиция министрлиги турак-жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. Ага ылайык, чет өлкөлүктөр кыймылсыз мүлк сатып алууга гана эмес, там курууга да укуктуу болуп калат. Өз кезегинде, Улуттук коопсуздук комитети мындай мүмкүнчүлүктү баарына бербеш керек деген позицияны карманууда. Өлкөдө 10 миллион сом инвестиция салган чет өлкөлүк ишкерлерге гана уруксат берүү сунушу түшкөн. Кыргызстанда туруктуу жашап калууга кайсы өлкөнүн жарандары кызыкдар?