Чилдеде жер сугарган дыйкан (видео)

1871

Быйыл да жаз-жай мезгилдеринде жаан-чачын аз болуп, сугат суунун тартыштыгы кайталанышы ыктымал. Айыл чарба министрлиги кургакчылык болорун айтып, коңгуроо кагууда. Адистер дыйкандарга кышкы сугатты азыртадан баштоону сунуш кылып, Чүйлүк фермерлердин бир тобу кышкы чилдеде кетменин көтөрүп, талаада жүрүшөт.

Кыш экенине карабастан сугат сууга кезекке турган дыйкандардын саны күн санап көбөйүүдө. Себеби мурдагы жылдары жердеги тоңдун калыңдыгы 30-40 сантиметрге чейин жетсе, бул сапар кар жаабай кыртыштагы нымдуулук 5 сантиметр эле болуп жатыптыр. Бул дан үрөндөрүнүн оңбой калуусуна алып келиши ыктымал, — дешет адистер.