Чокморовдун айкелин тургузууга каражат 17 жылда чогулган (видео)

955

Бүгүн Советтер союзунун эл артисти, Кыргыз Эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги ачылды. Таланттуу инсандын айкели Бишкектеги Ала-Тоо кинотеатрынын чыгыш тарабында жайгашты. Анын бийиктиги 3,5 метрден ашат. Бул эстеликти орнотуу үчүн көптөгөн марафондор өткөрүлүп, 17 жыл дегенде гана жетиштүү каражат чогулган. Айкелге жалпысынан 7 миллион сомдун тегерегиндеги каражат сарпталган. Эстелик Россиянын Свердлов областындагы «Уралмарш» заводунда колодон жасалган. Монументтин авторлору — скульптор Азамат Кожогулов жана архитектор Олег Лазарев. Бүгүн айкелдин салтанаттуу ачылыш аземине Чокморовдун кесиптештери, жакындары, коомдук ишмерлер жана жөн гана анын талантын сыйлаган инсандар чогулду.