Чолпон-Атада катталган жол кырсыгынан төрт адам каза болду

829

Чолпон-Ата шаарынын Бактуу-Долоноту айылындагы жол кырсыгынан жабыркаган төртүнчү адам каза болду. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Жол кырсык таңга жуук болуп, анда «БМВ» жана «Лексус» автонунаалары кагышып, кырсык болгон жерде эки адам мурт кеткен. Дагы эки адам өтө оор абалда Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилишкен болчу. Бирок алган оор жаракаттарынан улам бир жабырлануучу ооруканага келер менен үзүлсө, экинчиси 9-июлга караган түндө көз жумган.

Бул жол кырсыгында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков да жабыркаганы белгилүү болду. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин кичүү уулу. Бишкек шаардык травматология жана ортопедия борборунун директору Сабырбек Жумабековдун айтымында, Токобеков ооруканага мээси чайкалып, жамбаш сөөгү сынган абалда түшкөн. Анын абалы оор деп бааланууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.