Чолпонбаевдин партиялаштары анын туугандары менен жакындарына көңүл айтты

1001

Таланттуу башкаруучу, боорукер меценат Улан Чолпонбаев ар бирибизге өзгөчө инсан жана жакын дос болчу. Биз үчүн абдан кайгылуу кабар, орду толгус оор жоготуу. Бул тууралуу «Республика-Ата Журт» фракциясы тараткан азанаамада айтылат. Улан Чолпонбаев өзүнүн эсебинен жолдорду асфальттап, балдар үйүнө, тез жардам пунктуна унаа алып берип, жетим балдарга, согуштун жана эмгектин ардагерлерине, баатыр энелерге кайрымдуулук иштерин уюштуруп, материалдык жардам көрсөтүп келген.

Мындан тышкары, Улан Чолпонбаев тарыхий жана маданий мурастарга өзгөчө көңүл бөлгөн. Манжылы Ата жана башка маданий объектилерди кайра куруп, манасчы Шаабай Азизовдун, жазуучулар Касымаалы Жантөшовдун, Зуура Сооронбаеванын, ишмер Кыдыр Акенин, чыгаан комузчу Ыбырай Тумановдун мааракелерин өткөргөн.

Ошондой эле, Улан Чолпонбаев жаңы чыгып келе жаткан каармандарга дагы көмөк көрсөткөн. «Салам, Нью-Йорк» кинотасмасын тартууга, «Азия-Mix», «Тамашоу», «Элес» топторуна жардам берген. Мыкты адамыбыз, партиялашыбыз дүйнөдөн кетти. «Республика-Ата Журт» фракциясынын атынан Улан Чолпонбаевдин туугандары менен жакындарына көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу болсун!

Өмүрбек Бабанов, Руслан Казакбаев, Талант Мамытов, Алтынбеков,

Абжалиев, Баймуратов, Байпакбаев, Бокоев, Жамангулов, Жеенчороев

Адыл Жунус уулу, Зулушев, Ибраимжанов, Иминов, Исаева, Исмаилова,

Кыдыралиев, Мавлянова, Өмүрбекова, Райымкулов, Рысалиев, Сабиров, Сыдыков, Тиллаев, Тулендыбаев, Туманбаева, Турускулов.