Чоң-Алайда орусиялык альпинист дайынсыз болууда

609

Чоң-Алайда орусиялык альпинистти издөө иштери бүгүн да уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 45 жаштагы орус жараны акыркы жолу 27-июлда Ленин чокусунан түшүп жатып, 5000 метр бийиктикке келгенде байланышка чыккан. Ошо бойдон дайынсыз болууда.

Аны издөөгө ӨКМнин алты куткаруучусу жөнөп кетип, саат түнкү 12де Кашка-Суу айылына жетип, түнөп калышкан. Бүгүн эртең мененки убактан тарта издөө иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле издөө иштерине ар кандай турларды уюштурган 2 туристтик фирманын 3600 жана 4000 метр бийиктикте жайгашкан куткаруучулары да катышып жатышат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.