Чоң-Алайда унаа оодарылып кетип, 9 жана 16 жаштагы кыздар каза болду

1832

Чоң-Алайда өспүрүм башкарып бараткан унаа оодарылып кетип, 9 жана 16 жаштагы кыздар каза болду. Маалыматтарга караганда, кечээ түштөн кийин Карамык айылынын 17 жаштагы тургуну атасынын унаасын айдап чыккан. Ал машинасына досторун салып бара жатканда жарды сүзүп, жолдон оодарылып кеткен.

Айдоочу менен 19 жаштагы кыз жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ал эми эже-сиңдилер кырсык болгон жерде каза тапкан. Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.