Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен алты жашар баланын сөөгү табылды

604

Бишкекте Чоң Чүй каналына чөгүп кетип, бир жумадан бери дайынсыз болуп жаткан алты жашар баланын сөөгү бүгүн табылып, атасына өткөрүлүп берилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, баланын өлүгү Сокулук районунун Новопавловка айылында табылды.

Эске салсак, окуя Биринчи Май районунда 13-июлда болгон. Миша атту бала Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен. Издөө иштерине жалпысынан 113 куткаруучу тартылган.