Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 6 жаштагы бала дагы эле табыла элек

643

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бүгүн издөө иштери уланып, ага 70 суучул тартылды. Ал эми баланы табуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чоң Чүй каналындагы суунун деңгээлин азайтуу боюнча Айыл чарба министрлигине кайрылган.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын 2012-жылы туулган Миша аттуу тургуну 13-июль күнү Чоң Чүй каналына бутун жууп жаткан кезде, түшүп кеткен. Ошол учурдан тартып издөө иштери башталган.