Чоң Чүй каналына түшүп кеткен унаанын айдоочусу изделүүдө (видео)

4486

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен унаа табылып, айдоочусу изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдалдар министрлигинен билдиришти. Табылган машина милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилип, айып аянтчага жеткирилди. Ал эми курткаруучулар унаанын ээси табылганча издөө иштери улантылат.

Ал арада укук коргоо органдары жагдай боюнча түрдүү версия менен ишти иликтеп баштаганы белгилүү болду. Тегеректе жашаган тургундар мындай кырсыктар барган сайын көбөйүп жатканын айтып, каналдын жээгине тосмо орнотуп берүүнү суранышууда.