Чоң Чүй каналынын жээгинде ымыркайдын сөөгү табылды (видео)

688

Бишкекте Чоң Чүй каналынын жээгинде ымыркайдын сөөгү табылды. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери учурда наристенин энесин издешүүдө. Маалыматтарга караганда, ымыркайдын сөөгү 5 күн мурда эле табылган.

Учурда баланын сөөгү суукта канча жатканы жана наристе өлүү же тирүү төрөлгөнүн аныктоо боюнча экспертизалар жүрүп жатат. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.