Чоң-Кеминдеги өрттүн кесепеттерин жоюуга 400дөй адам тартылды (видео)

873

Чоң-Кемин өрөөнүнүн коктуларын каптаган тилсиз жоону жоюу аракеттери улантылды. Анда жалын өчкөнү менен шамал болгон сайын өрттүн кайра тутанып кетүү коркунучу чоң болууда, — дешет адистер.

Мындан улам ал жакта куткаруучулар, тартип сакчылары, экологдор жана жөнөкөй жарандар болуп, жалпысынан 400дөй адам кырсыктын кесепетин жоюп, жаңысын алдын алышууда. Ал арада Бишкек-Ош жолунун 83-чакырымында, тактап айтканда, Сосновка айылынын тушундагы төө этектеринде да өрт чыкканы маалым болду.