Чоң муштум милиционер кесиптешин сабады (видео)

778

Коомдук тартип жана мыйзамдуулук үчүн жооптуу милиция кызматкерлери өздөрүн өздөрү сабаган эки учур катталды. Айдын башында Ош областык криминалдык милициянын башчысын кол алдында иштеген кызматкерлери сабап салып денесинен анча оор эмес залал келтирген. Кылмышка шектүү милиционерге кылмыш иши козголгон. Ал эми 13-июнда болсо, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милиция башкармалыгынын кызматкерлери ортосунда мушташ чыкканы белгилүү болду. Чоң муштум кесиптешинен токмок жеген милиционер оор абалда ооруканага кайрылган. Ал ошондой эле милицияга арыз жазды.