Чоң муштум милиционерлер жазаланабы? (видео)

733

Баш калаадагы көңүл ачуучу жайлардын биринде табелдик куралдан ок чыгарган милиция кызматкери кызматынан алынды. Бирок Бишкек шаардык милициясы куралсыз адамды аткан тартип сакчысынын дагы, анын огунан жабыркаган адамдын дагы аты-жөнүн жашырып жатат.

Учурда бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, тийиштүү материалдар Бишкектин Биринчи май райондук прокуратурасына өткөрүлдү. Бирок жарандык активисттердин пикиринде, кандай болгон күндө да, одоно мыйзам бузууга барган погончондор кызматтан айдалып гана тим болбостон, кылмыш жазасына тартылышы керек.