Чоң муштум тартип сакчылары (видео)

646

Шаар тургунун ур токмокко алып, омурткасын сындырды делген милиция кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Учурда материалдар Улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилди. Бишкектин Октябрь райондук милиция бөлүмүндө бир жаран катуу сабалган.

Кыйноого кабылган адам Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүндө кыймылдай албай жатат. Анын омурткасы 2 жеринен сынып кеткен. Жабырлануучу Элдияр Асангариев милиция кызматкерлери эч себепсиз эле сабаганын айтууда. Ал эми, тартип сакчылардын версиясы башкача. Элдияр Асангариев айдоочусу менен каршылык көрсөтүп, милиционерлерге кол көтөрүптүр.