Чоң суроо-талапка ээ болгон дары-дармектер арзандайт (видео)

2769

Жашоого эң керектүү делген жана эпидемиологиялык кырдаалда чоң суроо-талапка ээ болгон дары-дармектердин баасы түрүнө жараша 68 пайыздан, 10 пайызга чейин арзандады. Буга чейин бул жаатта мекемелер аралык жумушчу комиссия фармацевтикалык компаниялар менен биргеликте иш алып барып жаткан.

2 күн мурда анын алгачкы жыйынтыгы чыгып, фармацевтикалык компаниялардын бири дарыканаларында перепараттардын төмөндөтүлгөндөн кийинки наркында сата баштаганын билдирген. Бирок бейтаптар эч кандай сезилерлик өзгөрүү болбогонун айтып жатышат.