Чоң уруулардын курултайлары эмне максатта уюштурулууда? (видео)

1056

Парламенттик шайлоону утурлай айрым саясатчылар өз урууларын пайдаланып жатабы? Соңку мезгилде өлкөдө чоң уруулардын курултайлары уюштурулууда. Бишкекте солтолор чогулуп, бирок жыйыны нааразычылыктар менен коштолду. Анткени курултайга айылдардагы жергиликтүү лидерлер, жаштар чакырылбай калган. Муну алар солто уруусун бөлүп-жаруу аракети катары баалашты.

Ал эми жыйындын башында тургандар отурум өткөн жайга солтолордун баарын батырууга мүмкүн болбогондуктан, 650 гана делегат чакырылганын айтышат. Мындан тышкары, алар курултай саясий максатты көздөйт деген маалыматты четке кагышууда. Ал эми санжырачылар азыркы учурда уруу-урууга бөлүнүп, ич ара ар кандай иш-чараларды өткөрүү кооптуу экендигин эскертишет.