Чоң жеңиш менен мекенине кайткан жаш хоккейчилер (видео)

1231

АКШда өткөн эл аралык мелдеште алтын кубок алган кыргызстандык жаш хоккейчилер бүгүн таңга маал мекенине кайтып келишти. Спортчуларды жакындары жана бийлик өкүлдөрү аэропорттон тосуп алып, Кыргызстандын намысын коргоп, өлкөнүн атын чыгарган азаматтарга алкыш айтышты. Чикагодо өткөн беттештерде жеңишке жетишкен жаш хоккейчилер муну менен токтоп калбайбыз дешет. Алдыда дагы чоң пландары бар. «Алга Бишкек» хоккей командасы АКШда болгон эл аралык мелдеште мыкты оюн көрсөтүп, биринчи орунду алды. Команданын капитаны 7 жашта, калган оюнчулары 9 жашка чейинки спортчулар.