«Чоң жетиликтин» лидерлери Сирияга урулган авиасоккуну колдошту

848

“Чоң жетиге” мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Сирия бийлиги тарабынан химиялык куралдын колдонулушун айыптап, ага жооп иретинде АКШ жана анын союздаштары жасаган авиасоккуларды колдошору тууралуу чогуу билдирүү жасашты.

Канада премьер-министри Жастин Трюдонун сайтында жарыяланган маалыматтарга караганда, химиялык куралды колдонуу Химиялык курал тууралуу конвенцияга каршы келет жана дүйнө коопчулугунун коопсуздугуна чоң коркунуч жаратат. “Чоң жети” мамлекеттеринин башчылары химиялык куралга жооп иретинде жасалган ракеталык соккуларды “чектелүү, пропорциялуу жана зарыл” деп аташууда.

Ошол эле маалда документте “Чоң жетиге” мүчө өлкөлөр мурдагыдай эле Сириядагы жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүүгө кызыктар экени айтылат.

Оттавада чогулушкан “Чоң жетиге” мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери орусиялык мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипаль менен анын кызынын ууландырылышын дагы айыпташты. Алар Солсберидеги окуяга байланыштуу Москваны тезинен бардык суроолорго жооп берүүгө чакырышты.