Чөнтөгү жука мугалим, кол жеткиз ипотека… (видео)

870

Учурда 11 миңден ашык мамлекеттик кызматкер арзан ипотекалык турак-жайга кезекке турса, анын 1,5 миңге жакыны кайра баш тарткан. Буга алардын төлөө мүмкүнчүлүгүнүн жетпей калганы себеп болгон. Бул тууралуу парламенттеги социал-демократтар фракциясынын отурумунда айтылды. Депутаттар арзан ипотеканын мөөнөтүн 25-30 жылга чейин узартуу сунушун айтышты. Мындан тышкары, кайра каржылоо, мамлекеттик турак-жай фондун түзүү аркылуу бул тармакты өнүктүрүү демилгелери көтөрүлдү.