Чөптүн бир таңгагы 200 сомго чыкты (видео)

1115

Быйыл чөптүн бир таңгагы былтыркыга салыштырмалуу 80 сомго кымбаттады. Учурда анын баасы 200 сомго чыкты. Мындай көрүнүш Чүй, Нарын жана Ысык-Көл областтарында байкалууда. Базарларда арпа саман эле 100 сомго жетсе, буудайдыкы 60 сомго чукулдаган.

Көпчүлүк аймактарда жаан жаабай, күн аябай ысыгандыктан, чөп күйүп, түшүм начар болгон. Сатып алуучулар бааны ортомчулар жогорулатып жатканын айтышууда. Мал кармагандар быйыл кыш узакка созулса, чөптүн баасы 400 сомго чейин жетиши мүмкүн деп кооптонуп жатышат.