Чубак ажы Жалилов экинчи аял алды (видео)

3210

Укук коргоочулар Чубак ажы Жалиловдун экинчи аял алганы тууралуу билдирүүсүнө баа берилиши керек дешет. Бул боюнча «Кылым шамы» борбору Бишкек шаардык прокуратурага кайрылды. Борбордун жетекчиси Азиза Абдрасулованын айтымында, Кыргызстандын ар бир жараны өлкөнүн конституциясын сакташы керек. Андыктан көзөмөл органдар мурдагы муфтийдин айткандары боюнча иликтөө жүргүзүшү керек, дешет укук коргоочулар. Бүгүн интернетке диний кызматкердин видеоинтервьюсу жарыяланды. Анда Чубак ажы Жалилов жакында эле экинчи аял алганын, буга байбичеси капа болуп жатканын айтып, дагы бир жубайды багууга кудурети жеткен эркектерди анын жолун жолдоого чакырат. Белгилей кетсек, Кыргызстандын кылмыш кодексинин 153-беренеси боюнча, эки же андан көп аял алгандар эки жылга чейин эркинен ажыратылат.